Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-февралы №11
«влетим айыл өкмөтүнө караштуу чек арада жайгашкан катаал шарттагы Дейрес айылына «өзгөчө айыл» статусун берүү жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Авлетим айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек арада жайгашкан, катаал шарттагы Дейрес айылына «өзгөчө айыл» статусун ыйгаруу жөнүндөгү Дейрес айылынын жашоочуларынын чечими бекитилсин.
2. Чек арада жайгашкандыгын жана катаал шартын эске алып, Дейрес айылына «өзгөчө айыл» статусун алууга көмөк көрсөтүү жагы тиешелүү жогорку органдардан суралсын.
3. «Өзгөчө айыл» статусун алууга тиешелүү документтерди тактоо менен ишти көзөмөлгө алуу жагы Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
5. Бул токтом www.avletim.aksy.kg сайтына расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | С.Р. Атантаев |