Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-февралы № 12
«Авлетим айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылына «айыл» статусун берүү жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Авлетим айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылына «айыл» статусун ыйгаруу жөнүндөгү Арал айылынын жашоочуларынын чечими бекитилсин.
2. Арал айылына «айыл» статусун алууга көмөк көрсөтүү жагы тиешелүү жогорку органдардан суралсын.
3. «Айыл» статусун алууга тиешелүү документтерди тактоо менен ишти көзөмөлгө алуу жагы Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
5. Бул токтом www.avletim.aksy.kg сайтына расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет
Төрага | С.Р. Атантаев |