Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 01-05/ 223
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин сыйлоо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы, Кочкор-Ата шаар мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Ж. Кошоеванын 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата шаардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин сыйлоо жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап , Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаар мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Ж. Кошоеванын 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата шаардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин сыйлоо жөнүндө сунушу эске алынсын.
2. Улуу Ата Мекендик согуштун эки ардагерине 20000 (жыйырма миң) сомдон жана 11 жесирине 10000 (он миң) сомдон акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Керектелүүчү 150000 ( бир жүз элүү миң) сом акча каражатын бөлүп берүү Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М. Эгембердиевге жана шаар мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж. Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Каржы-экономика, бюджет, салык, инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Нусупбеков |