Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 01-05/ 225
Жеке менчик бөлүм башчыларынын кайрылуусу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы, Кочкор-Ата шаарындагы жеке менчик көз оорулар бөлүмүнүн башчысы К.Булдуровдун жана хирургия бөлүмүнүн башчысы А. Айдаровдун ооруканаларынын алдындагы ыңгайсыз жерге коюлган 2 (эки) даана трансформаторлорду четке которууга уруксат сураган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарындагы жеке менчик көз оорулар бөлүмүнүн башчысы К.Булдуровдун жана хирургия бөлүмүнүн башчысы А. Айдаровдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Трансформаторлорду четке жылдыруу үчүн керектелүүчү 30000 (отуз миң) сомду үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен төлөп берүү Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М. Эгембердиевге жана каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Нусупбеков |