Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 01-05/ 226
Муздак суунун тарифин бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы, “Кыргызнефтегаз” ААКна караштуу шаарды таза суу менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Асылбек Маматовдун 2016-жылга чарбалык ичүүчү жана чыгынды сууларынын (канализация) өздүк наркы боюнча эсептик материалдарды бекитип берүүнү суранып жазган кайрылуусун карап жана талкуулап , Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 14-пунктчасына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызнефтегаз” ААКнун шаар калкын таза суу менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын кайрылуусу эске алынсын.
2. “Кыргызнефтегаз” ААКнун шаар калкын таза суу менен камсыздоо бөлүмүнүн 1 м3 таза суунун наркы салыгы менен 13 сом 78 тыйын жана чыгынды суулардын (канализациянын) 1 м3 салыгы менен 13 сом 63 тыйын болуп белгиленип бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышы “Кыргызнефтегаз” ААКнун шаар калкын таза суу менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Асылбек Маматовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык кеңешинин “Социалдык , билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Нусупбеков |