Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 01-05/ 227
Кочкор-Ата шаардык муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысынын кайрылуусу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы, Кочкор-Ата шаардык муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысынын “Ландыш” балдар бакчасынын имараты шаар мэриясынын балансына өткөндүгүнө байланыштуу кошумча 1 (бир) кароол штаттык бирдигин ачууга жана айлык маянасын 1650 (бир миң алты жүз элүү) сомдон 2016-жылдын башынан баштап эсептеп берүүнү суранган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысынын кайрылуусу эске алынсын.
2. “Ландыш” балдар бакчасына кароол 1( бир) штаттык бирдиги ачылсын.
3. Бала бакчанын кароолуна 2016-жылдын январь айынан баштап 1650 (бир миң алты жүз элүү) сомдон айлык маянасы төлөнүп берилсин.
4. Кароолдун айлык маянасын төлөп берүү муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин эсепчисине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Нусупбеков |