Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 01-05/ 231
Иш кагаздарын жүргүзүү кызмат ордун ачуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 09-сентябрындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» № 499 токтомунда белгиленген мекеменин архиви үчүн жооптуу кызматкердин кызмат ордун камтыган, иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын функциясы бар бөлүм каралсын деген пунктуна таянып келишимдин негизинде бир штаттык бирдикти жергиликтүү бюджеттин эсебинен ачууну карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 09-сентябрындагы № 499 токтомун жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 22-февралындагы № 01-13/40-б буйругуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 09-сентябрындагы № 499 токтому жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мекеменин архиви үчүн жооптуу кызматкердин кызмат ордун камтыган иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын функциясы бар кызмат ордунун (архивариус) бир штаттык бирдиги 1650 (бир миң алты жүз элүү ) сом айлык маянасы менен Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментине бекитилсин .
3. Мекеменин архиви үчүн жооптуу кызматкердин функционалдык милдеттери жана иш планы шаардын мэри бекитип берген функционалдык милдеттер жана иш пландар боюнча иш жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссияга тапшырылсын .
Төраганын орун басары | А. Нусупбеков |