Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 01-05/ 232
К. Мойдиновага материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы, Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаты А.Молдалиевдин Некрасов көчөсүнүн № 7 үйүнүн тургуну Камиля Мойдиновага сөөк рагы менен ооруп, онкологиялык операция жасатуу үчүн материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаты А. Молдалиевдин кайрылуусу канааттандырылсын.
2. К. Мойдиновага онкологиялык операция жасатуу үчүн 50000 ( элүү миң) сом үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен материалдык жардам катары төлөнүп берилсин.
3. Акча каражаты менен камсыз кылуу шаар мэри К.М. Эгембердиевге жана шаар мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төраганын орун басары | А. Нусупбеков |