Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 01-05/ 234
А. Жеңишовго материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы, Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаты Ж. Токтосуновдун Жаштык көчөсүнүн н/ж үйүнүн тургуну Козубекова Чолпонго 4 айлык уулу Атабек Жеңишовдун туулгандан бери көзү көрбөгөндүгүнө байланыштуу, Россия Федерациясына операция жасатуу үчүн материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаты Ж.Токтосуновдун кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Атабек Жеңишовго эки көзүнө операция жасатуу үчүн 200000 ( эки жүз миң) сом үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен материалдык жардам катары төлөнүп берилсин.
3. Акча каражаты менен камсыз кылуу шаар мэри К.М. Эгембердиевге жана шаар мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары | А. Нусупбеков |