КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы
2016-жылдын 25-апрели № 01-05/ 235
Аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн курамын бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы, Кочкор-Ата шаар мэриясынын алдындагы Аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн жаңы түзүлгөн курамын бекитүү боюнча талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы Аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн жаңы курамы бекитилсин.
2. Аксакалдар сотунун мүчөлөрү төмөндөгүдөй курамда бекитилсин:
1). А.Дарманкулов
2). К.Мусабекова
3). К.Ажибаева
4).И.Арзиева
5). А.Исаков
6). Ж.Курбаналиев
7). Х.Мадылова
8). У.Омуралиева
3. Бекитилген Аксакалдар сотунун курамына «Аксакалдар соттору жөнүндө»Кыргыз Республикасынын мыйзамынын чегинде иш алып баруусу милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын .
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары | А. Нусупбеков |