Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 01-05/ 236
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин № 01-05/211 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы, «З. Канаевдин депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндөгү» 2016-жылдын 10-мартындагы XXXII сессиясынын № 01-05/211 токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү депутаттардын сунушун талкуулап, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин депутаты Канаев Заирбек Кочкоровичтин Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшыруу жөнүндө жазган арызынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын сунушу эске алынсын.
2. 2016-жылдын 10-мартындагы Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXII сессиясынын «З.К. Канаевдин депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндөгү» № 01-05/211 токтому жокко чыгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары | А. Нусупбеков |