Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 01-05/ 237
Кыргыз Республикасынын футбол Федерациясынын кайрылуусу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы, Кыргыз Республикасынын футбол Федерациясынын «Нефтчи» спорт клубунун өсүп келе жаткан жаңы муундарынын арасында сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоо жана футболдун өнүгүүсү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органадары тарабынан колдоо көрсөтүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана Кочкор-Ата балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин футбол боюнча машыктыруучусу Авазбек Аймирзаевдин кайрылуусун талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин машыктыруучусу А. Аймирзаевдин кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Футбол командасынын Кыргыз Республикасынын Чемпионатына катышуусу үчүн 2016- жыл башында калган калдыктын эсебинен 560230 ( беш жүз алтымыш миң эки жүз отуз) сом акча каражаты каралсын.
3. Керектелүүчү акча каражаты менен камсыз кылуу Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М. Эгембердиевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж. Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин «Каржы-экономика, бюджет, салык, инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын .
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары | А. Нусупбеков |