Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 01-05/ 238
Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М. Эгембердиевдин кайрылуусу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин «Кочкор-Ата 60 жылдык» аттуу китебинин 76 даанасын шаар калкын майрамдарга карата сыйлоо үчүн белек катары тартуулап жиберген чыгымын прокуратура тарабынан тиешелүү адамдарга өздүк каражаты аркылуу төлөтүп алгандыгына байланыштуу, жергиликтүү бюджеттин эсебинен ордун төлөп берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэри Эгембердиев Кубанычбек Мырзамамытовичтин кайрылуусу канааттандырылсын.
2. «Кочкор-Ата 60 жылдык» аттуу китебин ар бир даанасы 990( тогуз жүз токсон) сомдон эсептегенде , жалпы 75 240 (жетимиш беш миң эки жүз кырк ) сом акча каражаты 2016-жыл башында калган калдыктын эсебинен төлөнүп берилсин.
3. Акча каражатын төлөп берүү Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М. Эгембердиевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж. Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин «Каржы-экономика, бюджет, салык, инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары | А. Нусупбеков |