КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы
2016-жылдын 25-апрели № 01-05/ 239
Кочкор-Ата шаардык муниципалдык «Тазалык» жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо комбинатынын жетекчисинин кайрылуусу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы, Кочкор-Ата шаардык муниципалдык «Тазалык» жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо комбинатынын жетекчиси А. Жумаевдин 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен өтө зарыл болгон таштанды таштоочу контейнер, урна сатып алуу жана кампа (склад), кароолкана куруу боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык муниципалдык «Тазалык» жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо комбинатынын жетекчисинин кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Таштанды таштоочу контейнер, урна сатып алуу жана кампа (склад), кароолкана куруу үчүн үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 800000 (сегиз жүз миң) сом каржыланып берилсин.
3. Акча каражаты менен камсыз кылу Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М. Эгембердиевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин «Каржы-экономика, бюджет, салык, инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары | А. Нусупбеков |