Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 01-05/ 240
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын кайрылуусу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын 2016-жыл башында калган калдыктын эсебинен 3111,3112 статьяларына 14414519 ( он төрт миллион төрт жүз он төрт миң беш жүз он тогуз) сомду бекитип берүү жөнүндө жана 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражаттарына байланыштуу төлөө статьяларын ич ара өзгөртүүгө уруксат сураган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамынын 33,34 -беренелерине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж. Мамбеткулованын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2016-жыл башында калган калдыгынын эсебинен 3111,3112 статьяларына 14414519 (он төрт миллион төрт жүз он төрт миң беш жүз он тогуз) сом акча каражаты бекитилсин.
3. 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражаттарына байланыштуу төлөө статьяларын ич ара өзгөртүү Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М. Эгембердиевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин «Каржы-экономика, бюджет, салык, инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары | А. Нусупбеков |