Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 01-05/ 241
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин кайрылуусу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин жер адиси Ч. Осоровдун Кочкор-Ата шаардык муниципалдык «Тазалык» жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо комбинатынын балансындагы жокко чыгарылган 2 (эки) жүк ташуучу автоунааларды сатууга уруксат сураган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин жер адиси Ч. Осоровдун кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Жокко чыгарылган жүк ташуучу автоунааларды сатуу Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментине милдеттендирилсин .
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин «Каржы-экономика, бюджет, салык, инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары | А .Нусупбеков |