Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 01-05/ 242
А. Исаковдун арызы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын I квартал жетекчиси Абдыманап Исаковдун түнкүсүн көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн 34 даана прожектор орнотуп берүүнү суранган арызын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112- беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын I квартал жетекчиси Абдыманап Исаковдун кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Шаардын Луговая, Титов, Фуркат, Манас, Даныш көчөлөрүнө жарыктандыруу үчүн прожекторлор жыл аягына чейин орнотулуп берилсин.
3. Жарыктандыруу жумуштарын аткаруу Кочкор-Ата шаарынын вице-мэри Жайнак Немат уулуна милдетендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары | А. Нусупбеков |