Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 01-05/ 243
Кочкор-Ата шаарынын Гагарина көчөсүндөгү сейил багынын пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы, шаардын Гагарина көчөсүндө тыгыз жайгашкан банк, ишканаларга келген жеке автоунаалар, кызматкерлердин жана кызматтык автоунаалар жол жээгинде токтотулуп, жеңил жеке автоунаалары менен калкка кызмат көрсөтүп жаткан ишкерлерге, жарандарга тоскоолдуктарды жаратып, кээ бир учурларда адам өмүрүнө коркунучтарды жараткан фактылар да кездешкенин, санитардык тазалыктын жоктугун эске алып, жолдо болуп жаткан тоскоолдуктарды жоюу, калкка ыңгайлуу шарт түзүү максатында сейил багынын пайдалануу багытын автоунаа токтоочу жайга( парковка) өзгөртүп, иштетүү жөнүндө шаар мэри К.М. Эгембердиевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112- беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Шаардын Гагарина көчөсүндөгү сейил багынын пайдалануу багыты муниципалдык автоунаа токтоочу жайга ( парковка) өзгөртүлсүн.
3. Автоунаа токтоочу жайды өздөштүрүүдө тоскоол болгон көп жылдык дарактарды экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Майлуу-Суу шаары, Ноокен жана Базар-Коргон райондору боюнча Аймактык Башкармасынын корутундусу менен иретке келтирүү , автоунаа токтоочу жайды иштетүү жана түшкөн акча каражатын максаттуу пайдалануу Кочкор-Ата шаарынын мэрясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментине милдеттендирилсин.
4. Пайдалануу багытын өзгөртүүгө тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы райондук шааркурулушу жана архитектура , экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Майлуу-Суу шаары, Ноокен жана Базар-Коргон райондору боюнча Аймактык Башкармасынан суралсын.
5. Сейил багын көрктөндүрүү, реконструкцияга бөлүнгөн акча каражаты сметанын негизинде автоунаа токтоочу жайдын курулушуна сарпталсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары | А. Нусупбеков |