Загрузка документа…
ЧОӉ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-марты № 1
Дароот-Коргон айылы Чоӊ-Алай айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышын кароо жөнүндө
Чоӊ-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Абдылдаев Касымбек Дыкановичтин жана ФЭБунун башчысы Т. Эсенбаевдин 2015-жылда аткарылган иштери тууралуу отчетун Чоӊ-Алай айылдык кеӊешинин 5-чакырылышынын депутаттары кезектеги 1-сессиясы карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоӊ-Алай айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 34866700 сомго чыгаша бөлүгү 37357613 сомду түзүп,
- Аппаратка 20517187 сом
- мектептерге 6495312 сом
- бала бакчаларга 4244765 сом
- маданиятка 2789750 сом
- китепканаларга 537000 сом
- компенсацияга 2041300 сом
- атайын каражаттардын эсебине аппарат 93900 сом
- атайын каражаттын эсебине бала бакчалар 1286200 сомду түзүп аткарылышы канааттандыраарлык деп табылсын. Ал эми 01. 01. 2016-жылга 347156 сом 33 тыйын карата калган калдык 2016-жылдын бюджетине өткөрүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Д. Молдоболотов |