Загрузка документа…
ЧОӉ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-марты № 5
Дароот-Коргон айылы Чоӊ-Алай райондук ветеринария башкармасынын малдарды дарылоодогу ставкаларын бекитүү жөнүндө сунушун кароо жөнүндө
Чоӊ-Алай райондук ветеринария башкармалыгынын башчысы С. Калбаевдин малдарды дарылоодогу ставкаларын бекитүү жөнүндөгү сунушун депутаттар карап чыгып талкуулап Чоӊ-Алай айылдык кеӊешинин 5-чакырылышынын депутаттары кезектеги 1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоӊ-Алай айыл өкмөтүндөгү малдарды дарылоодогу ставкалары мурунку тарифинде калтырылсын.
2. Чоӊ-Алай айыл өкмөтүндөгү малдарды дарылоо иштери боюнча иш жүргүзүү жагы айыл өкмөттүн ветеринария боюнча адиси Г. Кожобековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Д. Молдоболотов |