Загрузка документа…
ЧОӉ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-марты № 6
Дароот-Коргон айылы Чоӊ-Алай айыл өкмөтүнөн берилүүчү ар түрдүү маалыматтардын ставкасын бекитүү жөнүндө
Чоӊ-Алай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К. Турдалиевдин айыл өкмөт тарабынан берилүүчү маалыматтардын ставкасын бекитүү жөнүндө сунушун депутаттар карап чыгып талкуулап Чоӊ-Алай айылдык кеӊешинин 5-чакырылышынын депутаттары кезектеги 1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоӊ-Алай айыл өкмөтүнөн бериллүүчү маалыматтарга 5 сомдон акча алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Д. Молдоболотов |