Загрузка документа…
ЧОӉ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-марты № 8
Чоӊ-Алай районундагы кызыл китепке кирген жан-жаныбарларды коргоо максатында мараторий жарыялоо жөнүндө
Чоӊ-Алай районунда жашаган жан- жаныбарларга мараторий киргизүү жөнүндө сунушун депутаттар карап чыгып талкуулап Чоӊ-Алай айылдык кеӊешинин 5-чакырылышынын депутаттары кезектеги 1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоӊ-Алай айыл өкмөтүнө караштуу аймактагы жашаган эӊ баалуу болгон жаныбарлардын жабыркап жоголуп кетүү коркунучуна кептелип тургандыгына байланыштуу атап айтканда Илбирс, Аюу,тоо эчкиси,Аркар, Сүлөөсүн, Кундуз, Ителги, Бүркүт, Кундуз, Фарель балыктары жана башка жаныбарлардын кырылып жок болуп кетүүсүн сактап калуу максатында 5 жылга мараторий жарыялансын.
2. Жаратылыштын жан-жаныбарларын коргоого тиешеси бар мекеме-ишканалар менен тыгыз бирдикте мыйзамдын негизинде иш алып баруусу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Чоӊ-Алай айылдык аймагынын башчысы К. Абдылдаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Д. Молдоболотов |