Загрузка документа…
ЧОӉ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-марты № 9
МСКнын Чоӊ-Алай району боюнча башкармасынын жетекчисинин милдетин аткаруучу О. Мамажакыповдун сунушун кароо жөнүндө
МСКнын Чоӊ-Алай району боюнча башкармасынын жетекчисинин милдетин аткаруучу О. Мамажакыповдун Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри Т.А. Сариевдин 12-январь 2016-жылдагы тапшырмасын ишке ашыруу максатында, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан КР салык кодексинин 339-беренесинде көрсөтүлгөн базалык ставканы жана 337 беренесинде көрсөтүлгөн жер салыгынын коэффициентин көтөрүү боюнча сунушун депутаттар карап чыгып талкуулап Чоӊ-Алай айылдык кеӊешинин 5-чакырылышынын депутаттары кезектеги 1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоӊ-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жерлердин салыгынын коэффициенти мурунку ставкасында калтырылсын .
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Д. Молдоболотов |