Загрузка документа…
ЧОӉ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-марты № 10
Айыл чарба эмес багытындагы жер аянттарынан алынуучу салык үчүн К1 коэффициентин бекитүү жөнүндө
Чоӊ-Алай айыл өкмөтүнүн салыктар боюнча башкы адиси А. Абжамиловдун К1 коеффициентин бекитүү жөнүндө сунушун депутаттар карап чыгып талкуулап Чоӊ-Алай айылдык кеӊешинин 5-чакырылышынын депутаттары кезектеги 1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл чарба эмес багытындагы жер аянттарынан алынуучу салык үчүн К1 коэффициенти АЗС, кен байлыктарды иштетүүчү ишканалар офистер, банктар 1,5 болуп ал эми Дароот-Коргон айылында жайгашкан коммерция жүргүзүүчү уюмдарга 1,2 болуп жана айыл өкмөтүндөгү башка айылдардагы коммерция жөргүзүүчү уюмдарга 1,0 болуп бекитилсин .
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Д. Молдоболотов |