Редакцияот 28.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Лейлек айылдык кеңешинин V чакырылыш 16-кезексиз сессиясы

 

2015-жылдын 28-апрели  №16/4

Лейлек айыл өкмөтүнүн айылдык конуштардын чек араларын бектиүү жөнүндө

«Кыргызмамжердолбоорлоо» институнун Баткен жерге жайгаштыруу боюнча экспедициясынын Лейлек айыл өкмөтүндөгү айылдык конуштарынын чек араларын тактаган материалдарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин 3- бөлүмүнө ылайык, депутаттардын ой пикирлерин угуп, Лейлек айылдык кеңешинин депутаттарынын бүгүнкү кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргызмамжердолбоорлоо» институнун Лейлек айыл өкмөтүнүн элдүү конуштардын чек араларын даярдаган баяндамасынын негизинде бекитилсин.

2. Лейлек айыл өкмөтүндөгү элдүү конуштардын чек арасын бекитип берүү жагы Лейлек райондук мамлекеттик администрациясыдан суралсын.

3. Картографиялык материалдарды басып чыгарууга 11072,43 сом жана 17747,53 жалпысы болуп 28819,96 сом акча каражаты которулуп берилсин.

4. Акча каражатын таап берүү жагы Лейлек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Матмуратовго милдеттендирилсин;

5. Мамлекеттик реестрге киргизуу жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областындагы бөлүмүнөн суралсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Лейлек айылдык кеңешинин Мыйзмадуулук, депутаттык иш, мандат жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

И. Сапаров