Загрузка документа…
ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-июну № 17/2
ОсОО «Тоо Кен Барс» ишканасына Чоюнчу айылынан ташты иштетуу үчүн жер берүү жөнүндө
Лейлек айыл өкмөтүнүн Чоюнчу айылынын айыл башчысы А. Мукарамовдун ОсОО «Тоо Кен Барс» ишканасына ташты кайра иштетуу үчүн жер берүү жөнүндөгу билдируусун угуп жана талкуулап депутаттардын Лейлек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Лейлек айыл өкмөтүнүн Чоюнчу айылындагы 47 га жердеги баалуу таштарды ОсОО «Тоо Кен Барс» ишканасы кайра иштетуу үчүн алууга уруксат берилсин;
2. ОсОО «Тоо Кен Барс» ишканасы ташты кайра иштетүүгө контейнерлерди коюуга жана ташты кайа иштетуу үчүн Чоюнчу айылынын контурунан 50 га жер бөлүнүп берилсин;
3. ОсОО «Тоо Кен Барс» ишканасына жерди келишим менен берүүдө, Лейлек айыл өкмөтү Лейлек айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссисынын төрагаларын киргизсин;
4. Мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областындагы бөлүмүнөн суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Айыл чарба, Коммуналдык жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | И. Сапаров |