Загрузка документа…
ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-июну № 17/3
Сулукту автомектеби (ДОСААФ) Коргон айылындагы окуу борборуна, окуп үйрөнүүчүлөр автоунааны айдап үйрөнүү үчүн жер берүү жөнүндө
Сулукту автомектеби (ДОСААФ) Коргон айылындагы окуу борборунун жетекчиси Кыдырова Малике Нийматовнанын сунушун угуп жана талкуулап депутаттардын Лейлек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лейлек айыл өкмөтүндө жацыдан ачылган Сулукту автомектеби (ДОСААФ) Коргон айылындагы окуу борборуна колдоо көрсөтүү максатында, Лейлек айыл бөлүмүнө Коргон айылынын Патац Участогунан, окуучулардын автоунааны айдап үйрөнүү үчүн жайыт жеринин таштак жеринен 3.0 га жер ажыратылып берилсин;
2. Автоунааны айдап уйренуу үчүн берилуучу жердин документтерин даярдап, тийиштүү жерлерге жиберүү жагы Лейлек айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин;
3. Мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областындагы бөлүмүнөн суралсын;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Айыл чарба, Коммуналдык жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | И. Сапаров |