Загрузка документа…
ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-июну №17/4
Коргон, Чоюнчу айылдарынын айыл башчысы А. Мукарамовдун арызын карап чыгуу жөнүндө
Коргон, Чоюнчу айылдарынын айыл башчысы А. Мукарамовдун арызын угуп жана талкуулап депутаттардын Лейлек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коргон айылынын Тынчтык кечесунун ички жолдорун Жаан жааган мезгилде ылай болуп жолдо жүрүүгө болбой калгандыгына байланыштуу, көчөгө кум, шагал төшөө иштерин жүргүзүү жана акча каражатын табуу, Коргон айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарына жүктөлсүн;
2. Лейлек айыл бөлүмүнө башчысы Т. Кадыров жетишпей калган маселелерди мүмкүнчүлүккө карап чечип берсин;
3. Мамлекеттик реестрге киргизуу жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областындагы бөлүмүнөн суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Айыл чарба, Коммуналдык жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | И. Сапаров |