Загрузка документа…
ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-июну № 17/6
Кара-Суу айылынын айыл башчысы Ү. Убраимовдун сунушун кароо жөнүндө
Лейлек айылынын айыл башчысы Y. Убраимовдун сунушун угуп жана талкуулап, депутаттардын Лейлек айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лейлек айыл екметуне караштуу Кара-Суу айылынын ички жолдору, автоунаа жүрүүгө мумкунчулук болбой калгандыгына байланыштуу, жолду суруп, оцдоо учун Лейлек айыл өкмөтү жаан жаап жер жумшарган мезгилде, Лейлек айыл өкмөтү, ДЭП-13 жол куруу ишканасына кайрылып, жолду сурдуруп, оңдотуу жагы милдеттендирилсин;
2. Мамлекеттик реестрге киргизуу жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областындагы бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Айыл чарба, Коммуналдык жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | И. Сапаров |