Редакцияот 03.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Лейлек айылдык кеңешинин депутаттарынын V чакырылыш 19-сессиясы

 

2015-жылдын 3-сентябры № 19/2

«Айыл чарба жерлерин пайдаланганы үчүн жер салыгынын базалык ставкасын 2016-жылга көтөрүү жөнүндө» жана «Айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдаланганы үчүн зоналдык коэффциентин 2016-жылга» кайра бектүү жөнүндө

Лейлек айыл бөлүмүнө айыл чарба жерлерин пайдаланганы үчүн жнр салыгынын базалык ставкасын 2016-жылга көтөрүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү «өз алдынча башкаруу жөнүндөгу» Мыйзамынын 31-беренесинин 4-бөлүмчөсүнө жана КРСКсинин 337-беренесинин 6- бөлүмчөсүнө ылайык жана айыл чарбасына арналбаган жерлердин коэффциентин кайра кабыл алуу боюнча Лейлек айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 19-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Лейлек айыл бөлүмүнө аймагында айыл чарба жерлерини пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасы «2» эсеге көтөрүлсүн (1 тиркемеге ылайык);

2. Лейлек айыл кеңешинин аймагындагы айыл чарбасына арналбаганан жер салыгы үчүн зоналдык коэффциенти 0,7 болуп бекитилсин;

3. Бул токтом 2016-жылдын 1 -январынан тартып күчүнө кирсин;

4. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын адилет министрлигинин Баткен областтык бөлүмүнөн суралсын;

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин депутаттарынын финансы экономика, бюджет жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

И. Сапаров