Загрузка документа…
ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-сентябры № 19/3
Лейлек айыл бөлүмүнө аймагындагы соц. объекттердин абалы жөнүндө
Лейлек айыл бөлүмүнө соц.комитетинин терагасы Г. Ашировдун, айыл бөлүмүнө аймагындагы соц.объектилердин абалы тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Лейлек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лейлек айыл бөлүмүнө аймагындагы социалдык объектилердин ремонттон еткеруу абалы жана кышка карата даярдыктары канааттандыраарлык деп табылсын;
2. Лейлек айыл бөлүмүнө аймагындагы мектептердин директорлоруна, Бала бакча башчыларына, ФАП, ГСВ жана СВА жетекчилерине күз-кыш мезгилдерине карата кызуу даярдыктарды көрүү жагы тапшырылсын жана кийинки сессияга катышып, ар бир мекеме жетекчилери, мекеме ишканаларында аткарылган иштер тууралуу толук маалматын беришсин;
3. Лейлек айыл бөлүмүнө соц.адиси А. Мамытовдун жана соц туруктуу комиссиясынын төрагасы Г. Ашировдун справкаларында белгиленген мекеме ишканалардагы кемчиликтерди түзөтүү жагын көзөмөлдөө Лейлек айыл өкмөтүнө жүктөлсүн;
4. Мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областындагы бөлүмүнөн суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин этика, депутаттык иш жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | И. Сапаров |