Загрузка документа…
СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-февралы № 13/11
01.01.2016-жылга карата Сон-Көл айыл өкмөтүнүн бюджеттин жана атайын эсептеги бош калган акча каражатты өздөштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 28- беренесинин 1-2-пунктунун 31- беренесине ылайык Нарын облусунун Кочкор районунун Сон-Көл айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Сон-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетин аткарууда 01.01.2016-жылга карата 158145(Бир жүз элүү сегиз мин бир жүз кырк беш) сом, бала бакчанын атайын каражатынан 33463(отуз үч мин төрт жүз алтымыш үч ) сом бош калган каражаты төмөндөгүдөй статьяларга бөлүштүрүлсүн.
Бюджеттик эсептеги:
Аппарат: 22154900 158145 сом.
Атайын эсептеги (бала бакча)
Бала бакча”Фаризат” 22181100 32042 сом.
Аппарат: 22154900 1421сом.
2. Бош калган каражатты жогорудагыдай бөлүнүштө каржылап берүү жага Кочкор райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул каражаттын максаттуу чыгымдалышын Сон-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы У. Аймановго жана ФЭБ башчысы Р.Калмамбетовага милдеттендирилсин.
4. Көзөмөлгө алуу жагы Сон-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика жана бюджет комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | М. Байбостонов |