Загрузка документа…
ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-сентябры № 19/5
Лейлек айылдык кеңешинин депутаттарынын атын келип түшкөн арыздар жөнүндө
Лейлек айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылынын тургуну Момунов Туратбектин арызын карап чыгып, талкуулап депутаттардын Лейлек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лейлек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Коргон айылындагы эски пилораманын жанынан, жаңы заманбап пилорама орнотууга жана пластикалык эшик, терезелерди жасоо үчүн имарат салууга 20 сотых жер бөлүп берүүгө уруксат берилсин ;
2. Көрсөтүлгөн жердин документтерин тактап берүү жагы Лейлек айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Исмановго милеттендирилсин;
3. Бардык каржылык чыгымдар жеке ишкер Т. Момуновдун өз эсебинен каржылансын;
4. Мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областындагы бөлүмүнөн суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл чарба, коммуналдык жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | И. Сапаров |