Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-январы № 2
Кыргызстан айылдык аймактык айыл өкмөтүнүн 2015-жылга жылдын башында калган калдыкка акча каражатынын бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргызстан айылдык аймактык айыл өкмөтүнүн 2015 жылга жылдын башына калган калдыкка акча каражатынын бюджетинин долбоорун карап чыгып Кыргызстан айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айылдык аймактык айыл өкмөтүнүн 2015 жылга бюджетинин киреше бөлүгү 37,1 миң сом жана чыгаша бөлүгү 37,1 миң сомго бекитилсин. Анын ичинде жергиликтүү бюджеттен 37,1 миң сом.
2. Кыргызстан айылдык аймактык айыл өкмөтүндө жайгашкан мекеме уюмдардын жыл ичинде каржылоо чыгымдарын зарыл болгон учурда бир статьядан экинчи статьяга өзгөртүү Кыргызстан айылдык аймактык кеңешинин депутаттарыныни макулдугу менен жүргүзүлсүн.
3. Кабыл алынган бюджеттеги сметадан тышкары ашыкча чыгаша кылууга жана максатсыз колдонууга тыюу салынсын.
4. Биринчи кезкекте каржылоону корголгон статьяларга жүргүзүлсүн (айлык акы, соц. фонд,шашке чай, электр энергия)
5. Токтомдун аткаруу жагы Кыргызстан айылдык аймактык айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүм башчысы Г. Шабдановага милдеттендирилсин.
6. 2015 жылга каралган жергиликтүү бюджеттин так аткарылышын көзөмөлдөө Кыргызстан айылдык аймактык кеңешинин туруктуу комиссия башчысы А. Джаимбаевге жүктөлсүн.
Төрага | К. Оморов |