Загрузка документа…
КАЛБА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-январы № 2
“Калба айыл аймагынын А. Огонбаев айылына типовой спорт имаратын куруу максатында жер участогун бөлүп берүү жөнүндө“
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Калба айыл аймагынын А. Огонбаев айылындагы М. Козубекова орто мектебинин айланасынан типовой спорт имаратын куруу үчүн 1.0га жер участогу жана мини футбол аянтчасын куруу максатында 0.20 га жер участогу бөлүнүп чектелип берилсин.
2. Калба айыл аймагынын жашоочулары тарабынан долбоордун жалпы суммасынын 10-пайыздык 320000 сом бөлүнүп кичи футбол аянтчасын курууга жумшалсын.
3. Жерге тиешелүү иш кагаздарын жана долбоорлорун бүтүрүп берүү жагы Талас райондук жерге жайгаштыруу жана Архитектурага сунушталсын.
4.Токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | М. Изабаев |