Загрузка документа…
КАЛБА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-февралы № 3
“Жер-үй кредитин бөлүштүрүү комиссиясынын курамын түзүү жана бекитүү жөнүндө“
Калба айылдык кеңеши 26-кезексиз сессияда Жер-үй кредитин бөлүштүрүү комиссиясынын курамын карап чыгып мурунку комиссиянын төрагасы У. Атаканов өз ыктыры менен комиссиядан кетип жаткандыгына байланыштуу комиссиянын курамы кайра түзүлүп бектилсин.
1. Калба айыл кеңешинин көпчүлүк депутаттарынын сунушу менен Б.Надырбекова жана эки айыл башчылар бекитилсин деген сунуш кабыл алынды.
2. Көпчүлүк добуш менен Калба айыл өкмөтүнүн кызматкери Б. Надырбекова жана Бал-Бал айыл башчысы З. Довуткулов, Калба айыл башчысы К.Орозбаевтер комиссия мүчөлөрүнө кирсин. Калба айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калба айылдык аймагынын жер-үй кредитин бөлүштүрүү комиссиясы төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн.Б. Надырбекова А. Огонбаев айылынын тургуну, З. Довуткулов Бал-Бал айыл башчысы,Калба айыл башчысы К. Орозбаев.
2. Кредит алууда тиешелүү иш кагаздарын толуктап берүү жагы комиссияга жүктөлсүн.
3. Комиссиянын чечимин бекитип жана көзөмөлгө алуу жагы Калба айыл өкмөтү Ф. Ашыралиевке жүктөлсүн.
Төрага | М. Изабаев |