Загрузка документа…
КАЛБА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-июну № 19
2016-2018 жылдарга Калба айыл аймагынын Калба айыл өкмөтүнүн бюджети жөнүндө долбоор
Калба айылдык аймактын кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги 28- сесиясында Калба айыл аймагынын Калба айыл өкмөтүнүн 2016-2018 жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча, Калба айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калба айыл аймагынын кеңеши 2016-2018жылдарга бюджеттин киреше бөлүгү боюнча 4918,3миң сом 2017-жылдагы 5004,5миң сом жана 2018-ж 5018,5миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Калба айыл аймагынын кеңеши 2016-2018жылдарга бюджеттин киреше булагы боюнча № 1 тиркемеге ылайык булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө турганы билинсин.
3. Калба айыл аймагынын кеңеши 2016-2018 жылдардагы чыгаша бөлүгү боюнча № 2 тиркемеге ылайык чыгаша булактардан тураары бекитилип берилсин.
4. Калба айыл аймагынын кеңешинин токтомдорунун негизинде киреше жана чыгаша булактарында өзгөртүүлөр болуп чыкса, туура жана так болушун айтылды кеңештин “Айыл чарба Экономикалык реформалардын жүрүшү жана бюджет боюнча” Туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин алдындагы бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Изабаев |