Загрузка документа…
КАЛБА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июлу № 25а
“Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”
Калба айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 28-сессиясынын №18 2-май 2015-жылдагы токтомун жана Талас районунун жер комиссияcынын “Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу жөнүндө” 2015-жылдын 29-июлдагы корутундусун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Калба айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас районунун Калба айыл аймагына караштуу “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан жалпы аянты 4,0 га жер участогу: анын ичинен 2,3 га жайыт жана 1,7 га токой тилкеси “Өнөр жайлык, транспорттук, байланыш,коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Калба айыл өкмөтүнүн башчысы Ф. Ашыралиевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Изабаев |