Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 4-апрели № 07
Дөбө айылына даарыкана курууга уруксат берүү жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Дөбө айылынын тургундарын ОМС даары–дармектери жана башка медициналык даарылары менен камсыз кылуу үчүн Айылдык ФАПтын айланасынан 0,04 га жер аянтын даарыкана куруу үчүн тооруктун негизинде ижарага берүү максатында Кара - Бак айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Дөбө айылындагы ФАПтын айланасынан 0,04 га жер аянтын даарыкана куруу үчүн тооруктун негизинде ижарага берүү айыл өкмөтүнүн башчысы С. Убаевге сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Курбанбековго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Каламбеков |