Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-апрели № 10
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жеке ветеринар тарабынан кызмат көрсөтүүгө акы төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу мал жандыктарга жеке ветеринардык кызмат көрсөтүүдө акы төлөмдөрүн бекитип берүү үчүн Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы С. Убаевдин сунушун угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу мал жандыктарга жеке ветеринардык кызмат көрсөткөндүгү үчүн төмөнкүдөй өлчөмдө акы төлөмдөрү бекитилсин. (баа боюнча перейскурант тиркелет)
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспекторуна жана жеке ветеринарларга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Убаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Каламбеков |