Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-апрели № 11
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу айылдарга таштанды таштоочу жай үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Каар-Бак айыл өкмөтүндө таштандыларды таштоочу жай жоктугунан талааларда таштандылар көбөйүп кетип жаткандыгына байланыштуу таштанды таштоочу жай үчүн жер бөлүп берүү максатында Кара-Бак айылдык кенешинин 5-чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак жана Чет-Кызыл айылдарынын таштандыралын таштоо үчүн Кавказ өтөктүн күн чыгыш тарабынан 5,0 га жер аянтына жана Кызыл-Бел айылынын түштүк-батыш тарабынан 5,0 га жер аянтын таштанды таштоочу жайга айландырууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Курбанбековго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Каламбеков |