Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-апрели № 12
Кара-Бак айылдык № 6 ҮДТ на У. Жарматовдун атын коюу жөнүндө
Кара-Бак айылдык № 6 ҮДТнун кызматкерлеринин протоколунун көп жылдан бери медицина тармагы боюнча эмгектенип, эмгеги сиңген У. Жарматовдун ысымын № 6 ҮДТна коюу максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айылдык № 6 Үй-бүлөлүк даарыгерлер тобу Уснидин Жарматов атындагы № 6 Үй-бүлөлүк даарыгерлер тобу деп аталсын.
2. Баткен областтык борбордук үй-бүлөлүк медицинасынын координатору О.Т. Темиров менен макулдашылсын.
3. Тийиштүү документтерин даярдоо жагы ҮДТ башчысы Б. Нажимидиновго тапшырылсын.
4. Тийиштүү документтерин алмаштырууга кетүүчү чыгымдары У. Жарматовдун үй-бүлөсүнө жүктөлсүн.
5. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жага Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы С. Убаевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Каламбеков |