Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-апрели № 13
Кызыл-Бел айылына таза суу кампасын куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Бел айылындагы жаны конушка таза-суу жеткирүү боюнча проект жазылып, бүгүнкү күндө аткарылуу алдында тургандыктан суу кампа куруу үчүн жер бөлүп берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Бел айылынын жаңы конушуна таза-суу түтүкчөсү айылдын түштүк тарабынан өтө турган болгондуктан Кызыл-Бел айылынын түштүк-батышынан суу кампа куруу үчүн 0,50 га жер аянтына макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерин даярдап берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы С. Убаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Курбанбековго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Каламбеков |