Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-апрели № 14
Козулан-Тоо көчөсүн Ж. Айтбаев атындагы көчө деп өзгөртүү жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтуна караштуу Кара-бак айылынын күн батыш тарабындагы Козулан-Тоо көчөсүнү Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу Ж.Айтбаев көчөсү деп өзгөртүп берүү жөнүндөгү айыл тургундарынын 2016-жылдын 3-февралындагы № 1 протоколунун негизинде Кара-Бак айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтуна караштуу Кара-бак айылынын күн батыш тарабындагы Козулан-Тоо көчөсү Кара-Бак айылына эмгеги синген Ж. Айтбаев атындагы көчө деп өзгөртүлсүн.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы С. Убаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Камиловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Каламбеков |