Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-апрели № 15
Коргон участкасынын күн чыгыш тарабындагы пайдаланылбай жаткан жайыт эсебиндеги 2,0 га жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын 2022 аскер бөлүгүнүн Коргон участкасынын чек ара тозотунда кызмат өтөгөн аскер кызматкерлери куралдуу машыгууларды жүргүзүп туруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндөгү 2022 аскер бөлүгүнүн кайрылуусун эске алып, Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Коргон участкасынын күн чыгыш тарабындагы пайдаланылбай жаткан таштак жайыт жерден 2,0 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жай, транспорт байланыш, коргоо жана башка багытындагы жерлер категориясына которуу максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Коргон учаскасынын күн чыгыш тарабындагы пайдаланылбай жаткан таштак жайыт жерден 2,0 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жай, транспорт байланыш, коргоо жана башка багытындагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Таштак жайыт жерден 2,0 га жер аянтынын багытын өзгөртүү үчүн тийиштүү документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Курбанбековго жүктөлсүн.
Төрага | А. Каламбеков |