Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-апрели № 17
Кызыл-бел айылындагы 0,70 га жер аянтынын ген планын бекитүү жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынган Кызыл-бел айылынын тургуну А. Мурзаевдин Кырманжай участкасындагы 0,70 га үлүш жер аянтынын ген планын бекитүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылындагы Кырманжай участкасындагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 0,70 га жер аянтынын ген планы бекитилсин.
2. Ген пландын негизинде пайдаланууга берүү жагы айыл өкмөт башчы С. Убаевге тапшырылсын.
3. Тктомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Курбанбековго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Каламбеков |