Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-майы № 19
Кара-Бак айылынын күн батыш тарабындагы 0,20 га жер аянтынын ген планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Бак айылынын түштүк-батыш тарабындагы турак жай багытындагы 0,20 га жер аянтынын ген планына өзгөртүү киргизүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айылынын түштүк-батыш тарабындагы турак жай багытындагы 0,20 га жер аянтынын ген планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерин даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы С. Убаевге тапшырылсын.
3.. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер, транспорт, курулуш жана суу чарбалары боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Курбанбековго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Каламбеков |