Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-майы № 20
Жер участокторун которуу жөнүндө
Кызыл-Бел эл аралык өткөрүү пунктундагы бажы постун заманбап жаны текшерүүчү жабдууларды орнотуу үчүн кенейтүү максатында Кызыл-Бел айылынын түндүк батыш тарабындагы Кызыл-Бел чек ара өткөрүү постунун жанындагы пайдаланылбай жаткан таштак жайыт жерден 0,25 га жер аянтынын багытын өнөр жай, транспорт байланыш, коргоо жана башка багытындагы жерлер категориясына которуп пайдаланууга берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Бел эл аралык өткөрүү пунктундагы бажы постун заманбап жаны текшерүүчү жабдууларды орнотуу үчүн кенейтүү максатында Кызыл-Бел айылынын түндүк батыш тарабындагы Кызыл-Бел чек ара өткөрүү постунун жанындагы пайдаланылбай жаткан таштак жайыт жерден 0,25 га жер аянтынын багытын өнөр жай, транспорт байланыш, коргоо жана башка багытындагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Таштак жайыт жерден 0,25 га жер аянтынын багытын өзгөртүү үчүн тийиштүү документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы С. Убаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Курбанбековго жүктөлсүн.
Төрага | А. Каламбеков |