Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-майы № 22
Депутат Б.Каримов жана депутат Т. Эгембердиевди депутаттык ыйгарым укугун токтотуу жөнүндө
Кара-Бак айылдык кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 16-главасынын 11-бөлүмчөсүнө таянып төрт жолудан ашык катары менен себепсиз сессияга келбеген депутат Б.Каримовду жана депутат Т. Эгембердиевди депутаттык ыйгарым укугунан четтетүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айылдык кеңешинин депутаттары Б. Каримов жана Т. Эгембердиев 4 жолудан ашык себепсиз сессияга келбегендиги үчүн депутаттык ыйгарым укугун токтотуу жагы Баткен аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М. Надировага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Каламбеков |