Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-майы № 23
Кара-Бак айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кара-Бак айыл аймагынын эл агартуу тармагында көрсөткөн ийгиликтери, медицина тармагына кошкон салымы жана Кара-Бак айылынын Б. Байназаров атындагы башталгыч мектебинин инфраструктурасына тарткан инвестицияларын эске алып, Б. Байназаров атындагы башталгыч мектебинин мүдүрү А. Омурзакованы сыйлоо максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айылынын Б.Байназаров атындагы башталгыч мектебинин мүдүрү Омурзакова Айгүл Саитовнага Кара-Бак айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
2. Тийиштүү болгон документтерин даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы С. Убаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М. Надировага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Каламбеков |